«Naryn.KG», 15-июль, Нарын. 15- июлда түнкү саат 2:30 чамасында Нарын шаарынын Алма-Бак аймагынын тушунан таштар кулап, натыйжада Бүбүсара Бейшеналиева көчөсүндөгү үч үйдүн короо-жайларын талкалап кеткен.
Тилекке жараша тургундар жашап турган тамдарга тоодон кулаган таштар жеткен эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын шаардык бөлүмүнүн кызматкери Мелис Алымбаев бүгүнкү күнү алгачкы иликтөөлөр жүрүп жаткандыгын, негизинен ошол туштагы 12-13 үй көчүрүлүүгө кириптер экендигин билдирди.
Ал эми 13- июль күнү Бишкек-Торугарт унаа жолунун 351-чакырым аралыгындагы Кызыл-Бел ашуусуна жакын тушунан 400 метр аралык жол, жаандын кесепетинен кум, шагыл, ылайга толуп, автоунаалар каттамы эки жарым сааттай токтоп калган. Ат-Башы айылынын үч көчөсүнөн 50гө жакын үйдүн алдынан суулар көтөрүлүп чыккандыгы аныкталган. Мындай маалыматтарды облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Болот Аманбаев билдирди. (Күмөндөр Усуптегин)
Комментариев нет:
Отправить комментарий