«Issyk-Kulpress.KG», 15-июль, Каракол. Ушул жылдын февраль айынан тартып Ысык-Көл областынын Түп жана Ак-Суу райондорунда Европалык комиссиянын Кыргызстанда кичи ГЭСтерди жана биогаздык технологияларды өнүктүрүү долбоору иштей баштады. Долбоордун алкагында мындай ресурстарды кичи ГЭСтердин курулушуна колдонуу боюнча окутуучу семинарлар өткөрүлдү.
Бул долбоор туурасында “Журналист үйү” коомдук бирикмесинин пресс-борборунда долбоордун түштүк Дания университетинен келген өкүлдөрү Свен Соммер, Кнуд Кристенсен, долбоордун биоэнергетика боюнча адиси Алексей Веденев жана жергиликтүү өкүл Руслан Тюпеевдин катышуусу менен өттү.
“Долбоор бир гана Ысык-Көл областында жүргүзүлбөстөн, бардык Кыргызстандын аймактарында да жүргүзүлөт. Бирок, кичи ГЭС жана биогаздык технологиялар Ысык-Көл областынын Ак-Суу жана Түп райондорунда орнотулат. Ысык-Көл областын тандап алганы бекер эмес. Анткени, кичи ГЭСтерди жана биогаздык түзүлмөлөрдү курууга суулары көп жана шарттары жакшы”, - дейт жергиликтүү өкүл Руслан Тюпеев.
Мындай долбоорду жергиликтүү тургундар да колдоп, кичи ГЭСтерди куруп бериши үчүн 20 жакын арыз жана биогаздык түзүлүштү орнотуп берүүгө 30 арыз түшкөн. Бул долбоор 1,5 жылга созулат.
“Мындай технологиялар Данияда көп жылдан бери иштетилип келет, эми долбоор бүткөндөн кийин дагы Кыргызстанда кичи ГЭСтерди жана биогаздык технологиялар боюнча түзүлмөлөрдү орнотуу улантылышы керек “, - деп билдирди Дания университетинен келген өкүл Свен Соммер. (Мээрим Усубакунова)
Комментариев нет:
Отправить комментарий