«Аймак-news», 15-июль, Нарын. 7-июлда Нарын шаарында жаш лидерлердин жайкы мектеби ачылды.
«Жергиликтүү жаш лидерлердин мектеби 2009» долбоорунун алкагында жайкы мектеп уюштурулуп, ага катышууга облус боюнча 25 студент жана окуучулар тандалып алынган.
«Нарындын жаш лидерлери» коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурбек Өмүрзаковдун айтымында, аталган долбоордун максаты - жайкы окуу мектебинин катышуучуларына семинар-тренингдерди өтүү аркылуу алардын билим деңгээлин өркүндөтүп, өлкөбүздүн чыныгы атуулдарын тарбиялоо.
Аталган долбоор «Сорос-Кыргызстан» фондунун каржылоосу менен ишке ашып, окууну жергиликтүү жана чет өлкөлүк тренер-волонтерлор өткөрүп жатышат. (Эркингүл Бокоева)
Комментариев нет:
Отправить комментарий