17.07.2009

Нарын шаарында астма-клуб ачылды

Аймак-news, 17-июль, Нарын. Көкүрөк оорулуулар областтык борбордо дарыланганга мүмкүнчүлүк алышты.

16-июлда Нарын шаарынын облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна Кыргыззстандын көкүрөк оорулар коому астма-клуб ачты. Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Кыял Мамбеталиевдин айтымында, анын максаты - астма жана өпкөнүн өнөкөт оорулары менен ооругандарды каттоого алып, аларга акысыз кеңеш берүү, ал эми дарыгерлерге бул ооруну айыктыруунун ыкмаларын окутуу. Андан тышкары, мындай оорулар менен жабыркагандар бул клубдан дары-дармек жана башка жардам да алып турушмакчы. Бул иш-чарага Москвадан Көкүрөк оорулар боюнча илим изилдөө институтунун профессору Сергей Бабак жана республикабыздагы көкүрөк оорулар коомунун башчысы Талант Соронбаев катышты. (Токтосун Шамбетов)

Комментариев нет:

Отправить комментарий