14.07.2009

Кочкор районунда мугалимдер Курманбек Бакиевге милдеттүү үгүттөөчүгө айландырылууда

“Аймак-news”, “Naryn.kg”, 13-июль. Мындай маалыматты Кочкор районундагы Туз айылында жашайм, ысымымды азырынча айта албайм деген шайлоочу телефон аркылуу билдирди.

Анын айтымында райондогу Чолпон айыл округунун башчысы Качыке Бейшебаев мугалимдерди Курманбек Бакиевди үгүттөөгө милдеттендирип, Бакиевге аз пайыз добуш берсек, биз уят болобуз, мен кызматтан кетем, Туз айылы таза суу программасына кирбей калат деп жыйналыш жасаган. Ошондой эле купуя шайлоочунун айтымында Туз, Оро-Башы, Ара-Көл айылдарында мугалимдер 15ке чейинки шайлоочулардын паспорт даректерин каттоого алууда. Чолпон айыл округ башчысы Качыке Бейшебаев мындай маалыматты жалган деп санайт. «Тескерисинче, Туз айылынын чыкпай калган суусун район акими чыгарып берди. Биз болгону 15тен мугалимдерди Кочкор айылындагы Бакиевдин жолугушуусуна алып бардык”, -дейт Качыке Бейшебаев. (Күмөндөр Усуптегин)

Комментариев нет:

Отправить комментарий