Аймак-news, 17-июль, Талас. Талас районундагы «Барчын» лагеринде 6-июлдан баштап райондун ар кайсы айылдарынан келген мүмкүнчүлүгү чектелген 81 бала жана аларды караган ата-энелери, бир туугандары эс алышууда. Балдардын жайкы эс алуусун «Адонай» коомдук фонду камсыздап жатат.
Талас районунун акиминин орун басары Азият Жаркыналиеванын демилгеси менен балдарга кайрымдуулук акциясы уюштурулду. Анда тубаса оорукчал, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга “EveryChild” уюму 3500 сом өлчөмүндө ар бир балага оюнчук, «Айкөл» атуулдук демилгелерди колдоо борбору 70 даана балмуздак, Талас райондук мамлекеттик администрациясы таттуу азыктарды балдарга белек кылышты.
Кайрымдуулук акциясынын жүрүшүндө Талас райондук балдарга билим берүү борборунун бийчилери, «Жаштар» демилгелүү тобунун спейс-бийчилери балдарга чакан концерт беришти.
Лагерге 2 небереси менен Карасуу айлынан келген Гүласал Сыдыкова: «Ушинтип оорукчан балдарга көңүл буруп, оюнчук, таттуу тамактарды алып берип жаткан коомдук уюмдарга, кайрымдуулук акциясын уюштурган Азият Жаркыналиевага ыраазычылык билдирем», - деди. Ушунча баланы карап, кошо келген ата-энелерин, бир туугандарын багып жаткан «Адонай» коомдук бирикмесине ата-энелердин, балдардын атынан алкыш айтылып, «ой-максатыңарга жеткиле» деп ак бата тиленди. (Салтанат Досмамбетова)
Комментариев нет:
Отправить комментарий