«Аймак-news», 14-июль, Нарын. 14-июлда Нарын шаарында өткөн брифингде шайлоо учурундагы журналисттердин укуктарын жана милдеттерин Нарын медиа борборунун жетекчиси Жаркын Ибраева түшүндүрдү.
Бул иш чарага жергиликтүү ЖМКнын өкүлдөрү катышып, өздөрү кызыккан суроолорду беришти. «Брифингдин максаты – журналисттер өз укуктарын, милдеттерин билип, элге шайлоонун жүрүшүн сапаттуу чагылдырышы», - деди өз сөзүндө Жаркын Ибраева.
Андан тышкары, журналисттерге ЕККУнун колдоосу менен иштелип чыккан чөнтөк китепче таратылды. Ал китепчеде шайлоонун жүрүшүн чагылдырган журналисттер туш келе турган суроолорго кыска-нуска жооптор берилген. (Токтосун Шамбетов)
Комментариев нет:
Отправить комментарий