«Talasnews.KG», 15-июль, Талас. Кара - Буура районунун Кара-Буура айыл округуна каршатуу Үч-Булак айылында спорт зал ишке берилип губернатордун катышуусунда ачылышы болду.
Бул иш чарага Кара - Буура айыл округунун бюджетинен 180 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген, андан тышкары АРИСтин жардамы менен 1 миллион 200 миң сом бөлүнүп берилип спорт зал ишке берилди.
Үстүбүздөгү жылдын 14 - июлда спорт залдын ачылуу аземине Талас областынын губернатору Бейшенбек Болотбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт агенттигинин статс-катчысы Нуржан Бердинованын катышуусунда өттү.
Ачылуу аземинде «дени сак улут гүлдөгөн өлкө» ураанынын алдында Республикалык мелдеште талас облусунун курама командасы 1- орунду камсыз кылышына зор салымын кошкондугу үчүн областтын спорт комитеттеринин кызматкерлери жана машыктыруучулары талас облустук мамлекеттик администрациянын ардак грамотасы жана мактоо баракчалары менен сыйланышты - деди губернатордун басма сөз катчысы Бакай Садыров. (Фархат Тилекматов)
Комментариев нет:
Отправить комментарий