17.07.2009

Нарын ОИИБ облустук СПИД борборунун маалыматтары менен макул эмес

«Naryn.KG», 17-июль, Нарын. Нарын облустук СПИДке каршы күрөшүү борборунун “Кочкор райондук ички иштер бөлүмү жүргүзгөн рейддин убагында акы алып секс кызматын көрсөткөндөр, наркомандар табылган эмес жана ВИЧ/инфекциясын жуктуруп алган бир туугандар экөө тең наркомандар болгондугу ички иштер кызматкерлеринин наркомандарды табуудагы иштеринин жетишсиз болгондугун далилдейт”, - деп социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу оорулар боюнча өткөн координациялык кеңеште айтылган маалыматы менен Нарын облустук ички иштер башкармалыгы макул эместигин 16-июлда “Naryn.kg” сайтына билдирди.

Алардын маалыматы боюнча 2009-жылдын алты айында Кочкор РИИБге бейбаштык кылып жана коомдук жайда мас абалында 467 адам түшкөн. Бул боюнча райондук СПИД борборуна бир нече жолу билдирүү берилгенине карабастан келип текшерүүдөн өткөргөн эмес. “Мындан сырткары РИИБнын убактылуу кармоочу жайында такай камакта отурган 37 адамдан бир да келип СПИДке каршы анализ алынган эмес”, - дейт Нарын ОИИБнын маалыматында.

Комментариев нет:

Отправить комментарий