«Аймак-news», 15-июль, Каракол. Көл башында жогорку билимдүүлөр эмес, жумушчу кесиптегилер көбүрөөк талап кылынууда.
Каракол-Ак-Суу регион аралык миграция жана жумуштуулук комитетине жумуш издөө максатында ар кандай суроолор менен кайрылгандар 2008-жылы 2179 түзсө, 2009-жылы алардын саны 2400 кишиге б.а (112%) арбыган.
Кайрылгандардын ичинен так жумуш издегендердин саны 974 болсо, расмий түрдө катталгандардын саны 898 кишини түзгөн. Алардын ичинен 167 вакансия боюнча орношкон. Коомдук убактылуу иштерде 236 киши иштейт.
Аталган комитеттин директору Шарика Жусупованын айтуусу боюнча, жумушсуздардын санын азайтуу максатында комитет ширетүүчү, жыгач уста, чач тарач жана башка кесипте 3 айлык курстарда 42 кишини окуткан. Жумушсуздук комитетинин кызматкери Гүлай Дүйшеева белгилеп кеткендей, «юристтер менен мугалимдерге талап жок, көбүнчө ширетүүчү, жыгач уста, пол жуугуч, официант,слесарь, сантехниктер талап кылынат».
Айта кетчү нерсе - миграция жана жумуштуулук комитети Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунда, Каракол, Балыкчы шаарларында Ысык-Көл, Түп, Жети-Өгүз, Тоң райондорунда жүргүзгөн мониторинг боюнча 400 ашык вакансия бар экени далилденген. Анализдин жыйынтыгы боюнча көбүнчө окууну талап кылбаган адистерге муктаждык бар.
Шарика Жусупова учурда Ысык-Көл областы боюнча мугалимдерге 188, доктурлар үчүн 21, андан тышкары 2 инженер жана ден-соолукту чындоо курортуна 64 вакансиялык орун бар экендигин билдирди.
Ушундан улам Караколго жогорку билимдүүлөр көп зарыл эместей көрүнөт. (Гүлзана Адыкеева)
Комментариев нет:
Отправить комментарий