«Talasnews.KG», 17-июль, Талас. 16-июлда Талас Медиа Борборунда жергиликтүү журналисттерге шайлоо процессинин жүрүшү тууралуу брифинг өткөрүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө ар бир журналистке IFESтин адистери тарабынан иштелип чыгып, Бишкектеги ОБСЕ борборунун колдоосу менен жарык көргөн «Журналисттин чөнтөк дептери» тартууланган.
Иш чаранын негизги максаты болуп атайын журналисттер үчүн түзүлгөн маалымат китепчесин презентация кылып, таратуу болуп эсептелген. Брифингди Талас Медиа Борборунун директору Гульбара Иманкулова өткөрүп, чөнтөк китепче тууралуу айтып берди. «Шайлоо учурунда журналисттерге жардам боло турган мындай форматтагы китепче Кыргызстанда биринчи жолу чыгарылды», - деди Гүлбара Иманкулова.
Чөнтөк китепченин көлөму кичине болгону менен ичинде шайлоо учурунда керектеле турган бир топ маалымат бар. Кыргыз жана орус тилдеринде болгондуктан шаардык да, элеттик да журналист колдоно алат.
Иш чарага катышкан журналисттер китепчени барактап, чөнтөктөрүнө да салып көрүштү. «Эң керектүү маалыматтар бар экен, ишибизди женилдеткени үчүн Бишкектеги ОБСЕ борборуна рахмат», - деди катышуучулардын бири, «Талас турмушу» гезитинин башкы редактору Козубек Иманкулов. (Фархат Тилекматов)
Комментариев нет:
Отправить комментарий