«Аймак-news», 13-июль, Талас. «Таза шаар үчүн» долбоорунун негизинде ЕККУнун каржылоосу менен июль айынын башында Таласка таштандыларды чогултуучу 90 контейнер келди.
Шаардын көчөлөрүндө атайын таштанды чогултуучу контейнерлер кээ бир жерлерде гана болгондуктан таштандылар ар кайсы жерлерге ташталып келген. Ал эми эки жылдан бери «Таза шаар үчүн» долбоорун «Жылдыз Транзит» коомдук фонду ЕККУнун каржылоосу менен ишке ашырууда.
«Былтыр таштандылар үчүн кичине урналар гана орнотулса, быйыл чон контейнерлер орнотулат. Бүгүнтөн баштап контейнерлерди ар бир мекеменин алдына жайгаштырабыз», - деди «Жылдыз Транзит» коомдук фондунун аткаруучу директору Тургун Момунбекова.
Ар бир мекеме өзүнүн жанына жайгашкан контейнерлер үчүн жооп керчилик алмакчы. Кошумчалай кетсек, буга чейин мэрия таштанды чогултуучу 20дай контейнерди көп кабаттуу үйлөргө койдурган. (Женишгул Тоголокова)
Комментариев нет:
Отправить комментарий